Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын жетекчилигин дайындады

Бүгүн, 2014-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысын жана анын орун басарларын дайындады.

Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Сатыбалдиев Мелис Дүйшөнбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы болуп дайындалды.

Ошондой эле Президенттин буйруктарына ылайык, Имаев Мирбек Кожобекович Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги,  Кенжекулов Исламбек Абдирашитович - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын орун басары, Жумабаев Айбек Аскарбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын орун басары болуп дайындалышты.

Мамлекет башчысынын башка буйруктары менен, Абдыракманов Токтогул Асанбекович Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысынын биринчи орун басары - штабдын начальнигинин кызматынан, Үрүстөмбаев Шайдылда Темирович - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысынын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча орун басарынын кызматынан бошотулду.

2014-жыл 19-март