Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы

Бүгүн, 2014-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

"КСДП, «Ар-Намыс», «Ата-Мекен» депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрында макулдашуунун негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Ырыс алды - ынтымак" фракциясынын коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий билдирүүгө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП, «Ар-Намыс», «Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрындагы макулдашууга ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

2. Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин мурда ээлеген кызматтарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну улантсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                            Алмазбек Атамбаев"

2014-жыл 19-март