Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизилди

2014-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 13-февралында кабыл алынган.

Мыйзам аккредитациялоону жүргүзгөн жана адистештирилген экспертиза түрлөрүн (укуктук, укук коргоочу, гендердик, антикоррупциондук жана экологикалык) жүзөгө ашыруу укугуна  ээ болгон көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактар) аккредитациялоо тартибин  аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекетик органды белгилөө боюнча   Өкмөттүн укугун аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 15-март