Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты – мергенчилик кылуу жана мергенчилик чарба ишмердигин жүргүзүү учурунда пайда болгон жашоо чөйрөсү жана мергенчилик ресурстарын пайдалануу, көбөйтүү, сактоо жаатындагы мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу, аңчылык ресурстарын башкаруунун адекваттуу жана натыйжалуу  системасын түзүү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан  «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен чогуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду.

«Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми жогоруда айтылган башка мыйзамдар - расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-март