Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 13-февралында кабыл алынган.

Мыйзам аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарды жумшартууга багытталган.

Ошондой эле, кесиптик орто же кесиптик жогорку билими жок адамдардын аймактык же участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлигин тыюу салууну белгилеген ченем алынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 13-март