Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылынын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 4 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо тууралуу маселеси боюнча чечимин ишке ашыруу максатында жана «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө» Мыйзамына ылайык кабыл алынды.

Жарлык жогоруда аталган Коргоо кеңешинин чечиминин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын базасында Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчторүнүн курамындагы атайын аскердик түзүм катары түзүү бөлүгүн ишке ашырууну камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыгуучу укуктук, уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечүү жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 12-март