Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылынын 12-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жобо  жана аны башкаруу схемасы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу-укуктук жана башка маселелерди чечүү жана өзүнүн чечимдерин ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 12-март