Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылынын 7-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кенеши жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча Кеңешинин жобосу жана курамы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши расмий статистиканы жүргүзгөн мамлекеттик органдарга колдоо көрсөтүү жана булл чөйрөдөгү координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу, статистика жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну контролдоону жүзөгө ашырууга чакырылган консультациялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Ошондой эле Жарлыкка ылайык 2008-жылынын 2-сентябрындагы № 313 «Кыргыз Республикасынын cтатистика боюнча Кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 7-март