Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Элдик апрель революциясынын төртүнчү жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 7-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, «7-апрель - Элдик апрель революциясынын күнү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Элдик апрель революциясынын төртүнчү жалдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү максатында уюштуруу комитети түзүлдү.

Уюштуруу комитетин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жетектейт.

Уюштуруу комитетине Иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу милдети тапшырылды. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Элдик апрель революциясынын күнү өткөрүлүүчү иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүгө тийиш.

2014-жыл 7-март