Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Жамбыл облусундагы автокырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан Казакстан Республикасынын Жамбыл облсунун Кордай районунда Алматы-Ташкент автожолунун 175-километринде 2014-жылдын 2-мартында болгон автокырсыктын кесепетинен каза болгон Садыков Кайрат Жамаловичтин, Эшатов Жумали Үсөновичтин, Маркелова Елена Юрьевнанын, Касимова Севара Толкуновнанын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн ар бир үй-бүлөгө 50 000 (элүү миң) сом жана жабыркаган Курманалиева Эльвира Станкуловнага, Москалев Юрий Александровичке, Козырев Владимир Алексеевичке, Харитонов Александр Владимировичке ар бирине  25 000 (жыйырма беш миң) сом бөлүндү.

2014-жыл 7-март