Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңешитерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 7-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Нарын облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңешитерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши жана Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңеши жана Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши таркатылсын.

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 20-апрелине дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлүүгө;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 7-март