Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүүгө багытталган.

Кабыл алынган Мыйзам 120-берененин 2-бөлүгү менен толукталып, ага ылайык айрым жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизүү боюнча Президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу тууралуу маселени  Жогорку Кенеш  келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен карап чыгып, чечим кабыл алат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 5-март