Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2014-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Билим берүү секторундагы реформаларды колдоо» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 20-февралында кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички  жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 4-март