Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына толуктоо жана өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу киргизилди.

Ошондой эле өлкөнүн экономикасында соода жана тейлөө чөйрөсүнүн маанилүү экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына Пономарев Сергей Васильевич - Кыргызстандын рынокторунун, соода жана тейлөө чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти киргизилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 28-февраль