Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасын жана КР Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысын дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 22-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Раимберди Дүйшөнбиевди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы жана Мелис Сатыбалдиевди Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.

Бул дайындоолор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевдин Президент Алмазбек Атамбаевге сунуштамасы боюнча аткарылды.

Мамлекет башчысы куралдуу түзүмдөрдүн башчыларына КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди жана КР Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы Мелис Сатыбалдиевди 2014-жылдын 22-февралдагы куралдуу түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйындын жүрүшүндө тааныштырды.

Президент Алмазбек Атамбаев күч структураларынын жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн реформасынын жүрүшүн талкуулап, алардын негиздерин бекемдөө жана мамлекеттин коргоосун камсыздаган органдардын өз ара иштешүүсүнүн так системасын түзүү зарылчылыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле жыйындын катышуучуларын келе жаткан Мекенди коргоо күнү менен куттуктап, мамлекет аскер кызматкерлерине берилүүчү социалдык колдоонун деңгээлин жогорулатарын белгиледи.

2014-жыл 22-февраль