Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 156-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталат:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголот.».

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2014-жыл 21-февраль