Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары узартылды

2014-жылынын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» Жарлыкка жана «М.А. Абдухалыков, М.Ш. Жалалова жана М. Эргешова жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктарга ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээлегенге чейин узартылсын:

- Абдухалыков Мелис Асанбекович - Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы 2014-жылдын 20-февралынан баштап;

- Жалалова Марипат Шерматовна - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы 2014-жылдын 20-февралынан баштап;

- Эргешова Мастуранын - Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы 2014-жылдын 3-мартынан баштап.

Жарлыктар кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 20-февраль