Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Аманкул Балтабаев Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы кызмат ордун ээлөөнү улантты

2014-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Ж. Балтабаев жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык токтом кылынат:

Балтабаев Аманкул Жаакемилович Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын кызмат ордун ээлөөнү 2014-жылдын 20-февралынан баштап улантсын.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2014-жыл 20-февраль