Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты соода эрежелерине жана экономикалык ишмердүүлүк тармагындагы кылмыштарга шек келтирген администрациялык укук бузууларды эскертүү механизмин жогорулатуу болуп саналат.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине  тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

 

2014-жыл 18-февраль