Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 15-январында кабыл алынган.

Мыйзам  мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган   ченемдик жана укуктук актыларга (стратегия/программа) мониторинг жүргүзүү жана баалоо жолу менен   Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук базалардын натыйжалуулугун жана жыйынтыктуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Тактап айтканда,  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор киргизилди.

Мыйзам  күчүнө киргенден  тартып алты ай өткөндөн кийин  күчүнө кирүүчү 4-беренени кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2014-жыл 18-февраль