Бүгүн, 2014-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты мал чарбасындагы асылдандыруу тармагын өнүктүрүүдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын тактоо болуп эсептелет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын тексти >>>.