Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 18-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 15-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты мамлекеттин коопсуздугун жана жарандардын кат алышуу, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүнүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка маалыматтардын жашыруундуулугу, жеке турмуштун кол тийгистигине конституциялык укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү болуп эсептелет.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Изин суутпай издөө  иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын  улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына тиешелүү  толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди.

Тактап айтканда,  маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүү жана  алып кетүү, атайын каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү, сатуу жана сатып алуу, сертификациялоо эрежелерин бузуу администрациялык жоопкерчиликке тартылаары белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2014-жыл 18-февраль