Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ички аудит жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2014-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев «Ички аудит жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам ички аудит кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жана ички аудит кызматы жок болгон ички аудит объектисинин жетекчисинин укуктарын жана милдеттерин так ажыратууну карайт, ошондой эле ички аудит кызматынын жетекчисинин милдеттерин кеңейтүүнү белгилейт.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ички аудит объектилеринде ички аудитти пландоо боюнча ички аудит кызматтарынын ишине кийлигишүүгө укугу жок экендиги белгиленет.

Ошондой эле ички аудит системасынын натыйжалуу иштөөсүнүн максатында ички аудит боюнча Кеңештин статусу жогорулайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>. 

2014-жыл 8-февраль