Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-февралында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө маселени карап чыкты жана эгемендиктин биринчи жылдарында калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонушунун практикасы жаңылыш деп тааныганы айтылат.

Адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системасын түзүү зарылдыгы мамлекеттин биринчи кезектеги милдети деп аныкталды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын
3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20, 32, 45, 60 жана 65-беренелерин, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жетекчиликке алынып, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик уюмдарына жана мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобуна Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечиминде аныкталган милдеттерди аткарууга жана чараларды ишке ашырууга кечиктирбестен киришүү милдети тапшырылды.

Жарандык коомдун уюмдарына, диний уюмдарга, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына өздөрүнүн практикалык ишин конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө багыттоо, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жогоруда аталган чечиминен келип чыккан милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара жигердүү аракеттенүү сунуш кылынды.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин

ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору О.А. Молдалиевдин Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жөнүндө баяндамасын, жыйналыштын катышуучуларынын сын-пикирлерин жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:

Дүйнөдөгү акыркы окуяларды талдоо, экстремизм көрүнүштөрүнө, 1999-2000-жылдардагы “Өзбекстан ислам кыймылынын” бандиттик түзүмдөрүнүн кол салуусуна жана террордук актыларга туш болгон Кыргыз Республикасынын эгемендик жылдарындагы тажрыйбасы көрсөткөндөй, кийлигишпөө позициясы, диний чөйрөдөгү мамлекеттин жөнгө салуучу функцияларынын начарлоосу ката стратегия болуп эсептелээрин көрсөттү. Белгилүү бир чөйрөлөрдүн исламды саясий кызыкчылыкта пайдаланууга кылган аракети күтүүсүз кесепеттерди жаратышы менен кооптуу болуп саналат.

Өлкөдөгү диний кырдаалга жетишсиз көңүл буруу чыр-чатак, диний кагылышуулар түрүндө терс кесепеттерге жана мамлекеттин бөлүнүшүнүн коркунучуна алып келиши мүмкүн, бул бир катар өлкөлөрдө болуп өттү.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарынын бири катары диний чөйрөдөгү саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу тапшырмасы коюлган. Бул максатка жетүү үчүн динге ишенгендердин конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен дин мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө болууга, өзүнүн позитивдүү социалдык функцияларын аткарууга тийиш.

Бирок бүгүнкү күндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат улуттук жана региондук коопсуздуктун учурдагы чакырыктарына, азыркы демократиялык, динден тышкаркы коомдун суроо-талаптарына толук жооп бербейт.

Кыргызстан үчүн жаңы болгон айрым диний уюмдардын өлкөдө өзүнүн диний окууларын жайылтуу, айрыкча исламдын жана православиенин потенциалдуу жактоочуларын жана адепттеринин арасында жайылтуу боюнча иштери, ошондой эле тышкы факторлордун таасири менен болуп жаткан өлкөдөгү салттуу диндердин трансформациясы олуттуу чыр-чатактардын булактары болууда. Христиан жана иудаизм диний уюмдарынын диний курулмаларын булгоо, талкалоо, ал жерде хулигандык кылуу фактылары орун алган.

Республиканын мусулмандарынын арасындагы кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, бул кырдаал чет элдик борборлор тараптан Кыргызстандагы белгилүү бир чөйрөлөрдү максаттуу колдоого алынгандыгынын натыйжасында татаалданууда. Айрым ислам фонддору финансылык колдоо көрсөтүп, фундаментализмдин жана экстремизмдин идеологиясын жүргүзүүдө. Бул абал Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы (мындан ары - КМДБ), анын түзүмдөрү тарабынан мындай нерсеге бөгөт коюунун жоктугунан, өлкөдөгү салттуу исламдын позициясынын начарлоосунан улам күчөп жатат. Ал тургай, жер-жерлердеги айрым имамдар жана казылар “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун идеяларын, биздин аймакта “дааватчылар” деп белгилүү болгон “Таблиги Жамаат” уюмунун мүчөлөрүнүн ишин колдоого алууда. Мусулман жамаатындагы карама-каршылыктар суннит исламынын салттуу ханафий мазхабынын негиздерине доо кетирүүдө, ислам дининдеги фундаменталдык агымдардын жана радикалдуу ислам топторунун бүлүндүрүүчү идеяларынын позицияларынын кеңейишин пайда кылууда.

Диний чөйрөдөгү кырдаалдын татаалдыгы мамлекеттик-конфессиялык өз ара аракеттенүүнүн принциптерин жана методдорун түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну, диний сабырсыздыкты, радикализмди болтурбоо, диний сабырдуулукту бекемдөө жана негизги диний ишенимдер тууралуу маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу максатында тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылууда.

Динден тышкаркы жана диний билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу зарыл, анын азыркы абалы исламдын жана башка диний ишенимдердин негиздерин бурмалап түшүндүрүү үчүн шарттарды түзүп жатат.

Көп учурларда диний ишти, үгүттөөнү билими төмөн адамдар жүргүзүүдө, алар өздөрүн дин кызматкерлери, дин адамдары деп аташып, жаштардын арасында Кыргызстандын элине жат болгон баалуулуктарды, жашоо мүнөзүн, маданиятты, ал тургай жат кийимдерди кийүүнү жигердүү үгүттөп жатат, өлкөнү ислам мамлекети кылып өзгөртүп түзүү зарылдыгы тууралуу үгүт жүргүзүүдө.

Исламдын социалдык илими өзүнчө бүтүн жана ырааттуу система болуп эсептелет. Ислам эң жогорку мобилизациялык, коммуникациялык жана интеграциялык потенциалга ээ, ал жылдан жылга улам көбөйтүп жаш, активдүү кыргызстандыктарды өзүнө тартып жатат. Бир эле учурда бул позитивдүү потенциалды экстремисттик жана террордук уюмдардын бүлүндүрүү максатында колдонууга кызыкдар болуусу өсүүдө, бул улуттук коопсуздукка, өлкөнүн келечегине коркунуч туудурууда.

Бул энергияны жакшы багытка буруу, диндин негизине коюлган жаратуучу жакшы идеяларды радикалдуу, бүлүндүрүүчү көз караштардан айырмалап биле алган жана коом менен элдин чыныгы баалуулуктарын коргой ала турган абийирдүү, эркин, билимдүү кыргызстандыктардын жаңы муунун калыптандыруу милдети турат.

Жогоруда аталгандарды эске алып, диний, конфессиялар ортосундагы өз ара мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түп-тамырынан бери жакшыртуу, динге ишенгендердин эркиндигин камсыз кылууда диний уюмдарга көмөк көрсөтүү, коомду мындан ары бириктирүү, улуттук маданиятты жана бирдейликти коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши төмөнкүдөй

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

1. Акыркы жылдары калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонушунун практикасы жаңылыш деп табылсын.

2. Адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системасын түзүү мамлекеттин биринчи кезектеги милдети деп эсептелсин.

3. Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу:

1) 2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын жаңы редакциядагы долбоорун киргизсин;

2) 2014-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты менен өз ара аракеттенип Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, ошондой эле ыйгарым укуктарына экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү кирген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн ишине кайталоону болтурбоо жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында функциялык талдоо жүргүзсүн;

3) КМДБнын бүгүнкү күндө түзүлгөн түзүмүнө, чечимдерди кабыл алуу жол-жоболоруна, отчет берүү системасына функциялык талдоо жүргүзсүн, анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин;

4) диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзам актыларына, анын ичинде “Кыргыз Республикасындагы дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, башка ченемдик укук актыларга өзгөргөн диний кырдаалды жана аны жөнгө салууну эске алуу менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө коомчулуктун жана дин кызматкерлеринин маалымдуулугун жакшыртуу, сабырдуулуктун деңгээлин жогорулатуу жана диндин радикалдашуусун болтурбоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чакырылган “Ыйман” диний маданиятты колдоо фондунун ишин уюштуруу-финансылык жактан бекемдөөгө колдоо көрсөтсүн.

6.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен диний чөйрөдө жана дин кызматкерлеринин ишин колдоодо мамлекеттик саясаттын чараларын каржылоо мүмкүндүгүн изилдеп жана карап чыксын;

2) Кыргыз Республикасында диний маданияттын тарыхын окутуу концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн ушул Чечимдин 9-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине зарыл каражаттарды бөлүп берсин;

3) “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык маалыматтык материалдарда жана ачык билдирүүлөрдө экстремисттик мазмундагы белгилерди аныктоо предметине экспертиза жүргүзүү үчүн координациялык эксперттик комитет түзсүн, экстремисттик мазмундагы белгилерди аныктоо максатында Экспертиза жүргүзүү тартибин жана жол-жоболорун конкреттештирүү үчүн усулдук колдонмону иштеп чыксын.

7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

1) диний проблема боюнча маалыматтарды оперативдүү алмашуу, дин чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана алдын ала эскертүүчү мүнөздөгү макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алдында Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын кеңешин түзүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдеп чыксын жана сунуштарын киргизсин;

2) диний билимди кошо алганда, билим алуу үчүн өлкөнүн чегинен тышкары кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого милдеттүү түрдө коюу боюнча иштерди уюштурсун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайтып келүү процессине көмөктөшсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:

1) жагдайлык-оперативдүү, социалдык-саясий кырдаалга мониторинг жүргүзүүнүн жана анын өнүгүшүнүн божомолунун негизинде диний чөйрөдө чыңалуунун жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;

2) экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын алдын алуу, диний жана конфессиялар аралык касчылыкты козгоого багытталган материалдарды жайылткан адамдарды жоопкерчиликке тартуу, диний-экстремисттик уюмдарды каржылоо каналдарына бөгөт коюу максатында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.

3) талдоо жүргүзсүн жана анын негизинде “Таблиги Жамаат” кыймылынын, ошондой эле эсептик каттоосуз иштеген башка диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы иши жөнүндө чечим кабыл алсын.

9.      Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) дүйнөлүк диндердин, маданияттын тарыхынын маселелерин, толеранттуулуктун негиздерин чагылдырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасында диний маданияттын тарыхын окутуу концепциясын иштеп чыксын жана мектептик билим берүү программасынын алкагында ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча чаралардын комплексин ишке ашырсын;

2) диний окуу жайлардагы билим берүүнүн мазмунун контролдоонун жана диний окуу жайлардын ишин лицензиялоонун системасын түзүү, диний билим берүүнүн иштелип чыккан жана бекитилген мамлекеттик стандарттарынын жана окуу программаларынын негизинде алардын санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин;

3) андан ары окутуусунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселелерди кароо максатында диний компонентти камтыган жана чет элдик өнөктөштөр каржылаган жогорку окуу жайларындагы билим берүү предметтеринин мазмунуна талдоо жүргүзсүн;

4) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык окуучулардын кийим формасына болгон талаптарды белгилөө бөлүгүндө билим берүү уюмдарынын уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү процессин тездетсин.

10. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Тышкы иштер министрлиги, КМДБ (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдүн диний окуу жайларында окуусун тартипке салуу, диний билим алуу үчүн жарандардын контролсуз чыгып кетишине жол бербөө максатында:

1)      Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн тиешелүү чет мамлекеттик органдар, диний окуу жайлары менен макулдашууларды түзүү боюнча иштерди уюштурсун;

2)      Кыргыз Республикасынын жарандарына сунуш кылынуучу диний окуу жайлардын тизмесин түзсүн жана жарыяласын;

3)      чет өлкөлөргө диний билим алуу үчүн кетүүнү каалаган жарандарга сунуш кылынган окуу жайларга тапшыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маалымат берүү боюнча иштерди жүргүзсүн.

11.    Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги санариптик көрсөтүүгө өтүүнүн алкагында кыргыздардын жана башка этностордун позитивдүү маданий каада-салттарын популярдаштырууга багытталган медиа-долбоорлорду, дүйнөлүк диндердин тарыхы, учурдагы диний кырдаал боюнча агартуу программаларын, дин таануу жаатындагы эксперттердин катышуусу менен дискуссиялык берүүлөрдү, ошондой эле аудиториянын кругозорун кеңейтүүгө багытталган илимий-таанып билүү, окутуучу программаларды артыкчылыктуу милдеттердин бири катары карасын.

12.    Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана баа берсин, коопсуздук чөйрөсүндө учурдагы кооптуулук шартында жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, Концепцияны жаңылоо боюнча сунуштарды киргизсин.

13.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы диний-экстремисттик жана террористтик иш үчүн соттолгон адамдарды өзүнчө кармоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

14.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары диний багыттагы объекттердин курулушунун сапатын контролдоону күчөтсүн, тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок алардын курулушуна жол бербесин.

15.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары Кыргыз Республикасынын
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирдикте жер-жерлерде социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынуучу чаралар жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, учурдагы маселелерди чечүү максатында диний уюмдардын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрсүн.

16. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы эсептик каттоодон өткөн диний уюмдардын реестрине талдоо жана инвентаризациялоо жүргүзсүн жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аларды эсепке алуу системасын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин, алардын андан аркы иши жөнүндө маселени мыйзамга ылайык чечсин.

17.    Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорациясы, “ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясы, Кыргыз Республикасынын башка телерадиокомпаниялары диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты колдоого, мамлекеттин динден тышкаркы мүнөзүн бекемдөөгө, Кыргызстан элинин маданиятын жана каада-салттарын оң жагынан, дүйнөлүк диндердин тарыхын жана негиздерин, өлкөнүн мусулмандары үчүн салттуу болгон ханафий мазхабын чагылдырууга, диний фундаментализмдин, радикализмдин жана экстремизмдин идеяларын жайылтууга каршы аракеттенүүгө багытталган телекөрсөтүү жана радиоберүү долбоорлорун, ошондой эле жаштардын илим жана техника жаатында акыркы жетишкендиктер жөнүндө кабардар болуу деңгээлин жана кругозорун кеңейтүүгө багытталган илимий-таанып билүү программаларын трансляцияны жана ретрансляцияны мамлекеттин катышуусу менен ишке ашырсын.

18.    Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен бирдикте өз ишинде диний уюмдардын өкүлдөрү менен байланышта болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында “Улуттук коопсуздук жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн проблемалары” деген предмет боюнча окутууну уюштурсун.

19. Өлкөдөгү мусулмандардын ислам дининин жетектөөчү органына болгон ишенимин чыңдоо, келип чыккан кырдаалды нормалдаштыруу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында КМДБга төмөнкүлөрдү сунуш кылсын:

1) Аалымдар кеңешинин өз алдынчалуулугун, Ревизиялык комиссиянын көз карандысыздыгын, муфтийдин үзгүлтүксүз отчет берүүсүнүн, ажыга барууга акы төлөөнү эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү жол-жобосун камсыз кылууну кошуу менен КМДБнын Уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу финансылык иштин ачык-айкындуулугун жогорулатуу;

2) аалымдарды жана муфтийди тандоо, мечиттердин имамдарын аттестациялоо, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен диний ишкерлер үчүн квалификациялык экзамендердин башка формаларын өткөрүү, анын жыйынтыктары боюнча аларды материалдык жактан сыйлоо системасын түзүү, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан экстремисттик жана деструктивдүү уюмдарга тиешеси бар же жок экендиги тиешелүү түрдө текшерилгенден кийин мечиттердин имамдарын, имам-хатибдерди дайындоо системасын тартипке салуу;

3) фундаменталдык кыймылдардын жана агымдардын экстремисттик доктриналарынын бетин ачуу боюнча канондук мүнөздөгү системага салынган ишти жүргүзүү;

4) учурдагы имамдардын жана башка дин жаатындагы адамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында республиканын ЖОЖдорунун диний, теологиялык факультеттеринин жана бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн адистерин тартуу менен борбордоштуруп окутуу системасын жөнгө салуу, диний окуу жайлардын санын оптималдаштыруу жана алардын сапатын билим берүү чөйрөсүндө бекитилген мамлекеттик стандарттарга чейин жогорулатуу;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте диний экстремизмдин алдын алуу жана диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө боюнча эки тараптуу иш пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү;

6) мечиттердин имамдарынын жана райондордун имам-хабиттеринин кызмат орундарына экстремисттик көз караштагы адамдардын өтүүсүн болтурбоо максатында КМДБнын Уставындагы 2009-жылга чейин колдонулуп келген ченемди калыбына келтирүү, ал боюнча диний уюмдардын жетекчилерин дайындоо жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашылат.

7) Кыргызстандын мусулмандары үчүн салттуу болгон ханафий мазхабын туткандардан гана мечиттердин имамдарын, имам-хатибдерди, казыларды дайындоо жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн, муфтийди шайлоо;

8) Кыргызстанга жат болгон жүрүм-турум моделдерин, кийим-кечени жана кебетени жайылтууга каршы туруу.

20.    Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин ушул чечиминин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

Коргоо кеңешинин төрагасы -

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                  А.Ш. Атамбаев

 

Кыргыз Республикасынын

Коргоо кеңешинин катчысы                                    Б.М. Жунусов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы, жумушчу топтун жетекчиси (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын коргонуу, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялоочу вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (кызматы боюнча);

жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору (кызматы боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору (кызматы боюнча);

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары (макулдашуу боюнча);

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).

2014-жыл 7-февраль