Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2014-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына, башка мыйзам актыларына шайкеш келтирүү, товардык белгиге карата өзгөчө укуктардын күрөө укугу тууралуу жобону бекитүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда жалпыга белгилүү товардык белги түшүнүгү киргизилет, жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону камсыз кылган жоболор жөнгө салынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 7-февраль