Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2014-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө Жарлыкка кол коюп, Асанбек Алымкожоевди анын начальниги болуп  дайындады.

Бул Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик башкаруунун борбордук органы жана оперативдүү башкаруунун башкы органы катары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына өзгөртүп түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги болуп Асанбек Алымкожоев дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Кыргыз Республикасынын коргоо министринин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын жана алардын орун басарларынын кызмат ордуларына дайындоо үчүн талапкерлерди киргизүү милдети жүктөлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин сунуштарын эске алуу менен, ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу-укуктук жана башка маселелерди чечүү, өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди  өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тааныштырды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигине мамлекетти коргоону камсыз кылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүүсүн, пландаштырууну жана биргелешип күч колдонууну так уюштурууну камсыз кылууга милдеттендирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын алдында турган милдеттердин өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн негизин чыңдоонун маанисин баса айтып, Кыргызстандын аскер кызматкерлери мамлекет  тарабынан тиешелүү колдоону сезе баштайт деп белгиледи. “Мамлекетти чыңдоо ишинде офицерлер алдыңкы позицияда жүрүүгө милдеттүү”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Асанбек Тунгучбаевич Алымкожоев 1956-жылдын 11-апрелинде Чүй облусундагы Сокулук районунун Сарбан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Кадрдык офицер. “генерал-майор” аскердик наамдын ээси.

1977-1979-жылдары Казак ССРинде чалгындоо взводунун командири катары кызмат өтөгөн. 1979-1981-жылдары Афганистанда кызмат кылган. Чалгындоо ротасынын командири, чалгындоо полкунун  начальниги болгон. 1981-жылы  жеке эрдиги жана каармандыгы, советтик аскерлердин ийгилигине көмөктөшкөн аскердик иш-чараны мыкты уюштургандыгы жана билгичтик менен жетектегендиги үчүн “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган.

1981-1982-жылдары РСФСРдин Калинин шаарында чалгындоо полкунун начальниги болгон. 1985-1992-жылдары Асанбек Алымкожоев Россия Федерациясынын Рязань шаарында оперативдүү бөлүмдүн начальниги-штабдын начальнигинин орун басары, атайын багыттагы (ГРУ) бригаданын штабынын начальнигинин милдетин аткарган.

1992-жылы Асанбек Алымкожоев Мекенине кайтып келген.

1992-1999-жылдары - КР ИИМ атайын багыттагы отрядынын командири. 1999-2000-жылдары КР Коргоо министрлигинин чек араны коргоонун Башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басарлык милдетин өтөгөн. Баткен  окуяларынын катышуучусу. 1999-2000-жылдары мамлекетти коргоого жана чыңдоого кошкон салымы үчүн “II жана III  даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

2001-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Токмок шаарындагы атайын багыттагы бригадасынын командири болуп дайындалган.

2003-2006-жылдары Түштүк аскер тобуна командачылык кылган. 2006-2009-жылдары КР Улуттук гвардияны жетектеген. 2009-жылдын декабрь айынан  2010-жылдын апрелине чейин Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2013-жылдын июль айынан бери КР Коргоо министрлигине караштуу КР Улуттук гвардиясынын командири.

2014-жыл 6-февраль