Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы алкактык макулдашуу ратификацияланды

2014-жылдын 4-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен  Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Европалык инвестициялык банкка Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 5-февраль