Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 3-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Мыйзам   Кыргыз Республикасынын  Аскердик доктринасын,  2013-жылдын 5-июлунда кабыл алынган КР Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу  максатында кабыл алынды.

Тактап айтканда мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:

- коргоону башкаруунун заманбап принциптерине  жана  куралдуу күчтөргө контролдук кылуу практикасына ылайык Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын функцияларын бөлүштүрүү;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабын түзүү  жана ага өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн башкаруунун бирдиктүү борборунун функцияларын ыйгаруу;

- Генералдык штабдын жетекчилиги алдында коргоону камсыз кылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүүсүн, пландаштырууну  жана күч, каражат колдонууну уюштуруу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 3-февраль