Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КМШ катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Протокол 2011-жылдын 15-ноябрындагы № 208 эскертмеси бар Мыйзамы менен ратификацияланган.

«Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эскертмелер кандай тартипте жасалса, ошондой  эле тартипте бардык учурда алынып ташталат.

Кабыл алынган Мыйзам эскертмени алып салуу максатында эскертмени камтыган мурда кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 2, 3 абзацтары күчүн жоготту деп тааныды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Протоколго эскертмени алып салуу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирүү тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 1-февраль