Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2014-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун инвентаризациялоо  боюнча Юстиция министрлигине караштуу Нормативдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алкагында мыйзамдардагы карама каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу максатында иштелип чыккан.

«Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамга, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга, «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 31-январь