Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизилди

2014-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр жазык-процесстик жана жаза-аткаруу мыйзамдарынын ортосундагы түрдүү окулуштарды    жоюуга багытталган.

Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 363-статьясынын 1-бөлүгүндөгү «өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын же жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын» деген сөздөр «жазаны аткарууну жүргүзүүчү мекеменин зардалынын же органдын» деген сөздөр менен алмаштырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 31-январь