Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кар көчкүдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2014-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жайык айылынын тургандары Айталиев Таалай Тургунбековичтин, Шатманов Мирлан Мамадалиевичтин, Кокоев Эрнис Жанышбековичтин, Шерматов Мирлан Эрматовичтин жана Апсалбек уулу Мунарбектин 2014-жылдын 27-январындагы кар көчкүдөн улам каза болгондугуна байланыштуу, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнүн ар бирине материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 50 000 (элүү миң) сомдон бөлүндү.

2014-жыл 30-январь