Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

2014-жыл Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

“Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдан ашык тарыхындагы татаал мезгилдеринин бирин баштан кечирип жатат. XX кылымда орун алган тагдыр чечүүчү окуялардын натыйжасында Кыргызстан эли өз алдынча мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк алды. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылында тапканыбыздан жоготконубуз көп болду. Коррупцияга батып,  криминал менен биригип кеткен үй-бүлөлүк-кландык режимдин күч алышы мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын кетирип, улуттук байлыктарды талап-тоноого жол ачты. 2009-жылы Кыргыз Республикасы КМШдагы эң жакыр өлкө болуп таанылган. Мамлекетке болгон жарандардын ишеними кескин төмөндөп, кыргыз мамлекетинин жөндөмсүздүгү жана мамлекеттин жок болуу коркунучунда тургандыгы жөнүндө ачык айтыла баштаган.

Апрель революциясы эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жок кылууга шарт түздү. Эл бийликтин булагы жана бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштөөгө тийиш. Мына ушул негизги принциптерди эске алуу менен 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыкты. Энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө багытталган маанилүү кадамдар жасалды. Чыныгы саясий атаандаштыктын негиздери түптөлдү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги камсыз кылынды. Коррупцияга каршы күрөш, соттук жана аскердик реформа жүргүзүлүүдө. Таза шайлоолорду өткөрүү, коомчулук үчүн мамлекеттик органдарынын ишин ачык-айкын кылуу  боюнча чечкиндүү кадамдар жасалды.

Эң негизгиси, мекендештерибиздин мамлекетке болгон мамилеси өзгөрүлүп жатат. Көптөгөн жарандарыбыз өзүнүн, балдарынын, мамлекетибиздин тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезе баштады. Жарандык коом күч алып, жер-жерлерде ишин жандандырды. Мекенчилдик жана жарандык жоопкерчилик кадыресе  көрүнүшкө айланды.

Натыйжада өлкөбүздө экономикалык өсүш байкала баштады. Инфляцияны эске алганда пенсионерлердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү бир жарым  эсеге, ал эми бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин сатып алуу жөндөмдүүлүгү  төрттөн бирге өстү. Пенсиянын орточо өлчөмү 2,1 эсеге, ал эми  орточо эмгек акы 1,9 эсеге көбөйдү. Жетишкендиктер менен гана чектелбей, аларды бекемдеп, улантуу милдети турат.

Кырдаал көрсөткөндөй, кайрадан түптөлүп жаткан кыргыз мамлекеттүүлүгү бир нече коркунучтарга дуушар болууда. Элдин жана мамлекеттик институттардын биримдигин бекемдөө, бийликке  жарандардын ишенимин арттыруу биринчи кезектеги милдеттер экендигин учурда башка өлкөлөрдө болуп жаткан бөлүнүп-жарылуулар, куралдуу тирешүүлөр  ачык далилдеп турат.

Байыркы кубаттуу Кыргыз каганатынын урашына себеп болгон ички карама-каршылык сыяктуу эле, азыркы “саясий элитанын” абалы Кыргызстандын негизги проблемасына айланып, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудуруп жатат. Буга саясый элитанын көптөгөн өкүлдөрүндө мекенчилдик касиеттин жоктугу, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна албагандыгы себеп. Алар элдин кызыкчылыгын коргойбуз деген кооз сөзгө жамынып, көнүмүш адатынча мамлекетти талап-тоноого, мурдагы кыянаттыктары үчүн жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жаткандыгы көрүнүп турат.

Эң кейиштүүсү мындай аракеттер улуттук коопсуздукка, элдин биримдигине, өлкөбүздөгү тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч жаратып жаткандыгы. Жалданма колдоочулары, өзүнүн менчик жалпыга маалымдоо каражаттары менен кырдаалды атайылап курчутууну, элибизди урууларга, региондорго, улуттарга бөлүп-жарууну көздөгөн саясатчылардын  өзгөчө бир тобу калыптанды.

Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүүнүн маселелерин чечүүгө бөгөт болгон дагы бир олуттуу маселе - мамлекеттик түзүлүштүн жана башкаруу системасынын чабалдыгы. Бийлик вертикалы иштебей, мамлекеттик бийлик органдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын тең салмактуулугунун жоктугу, борбордук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ортосундагы байланыштын начардыгы байкалып жатат.

Мамлекеттик бийликтин бир бутагынын маанилүү чечими көп учурларда башка бутактын жеке кызыкчылыкты көздөгөн бүлүндүргүч чечимдери менен жокко чыгарылып калууда. Ошондуктан баш-аламандыкты жаратып, бийликти алсыраткан, өлкөнүн биримдигине жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген ченемдерди аныктоо максатында колдонуудагы мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын талдап чыгуу зарыл. Регионалисттер баш көтөрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын талаш туудурган акыркы чечимдери кабыл алынып жаткан шартта бул маселе өзгөчө мааниге ээ.

Мыйзамдарды өркүндөтүүдө, административдик жана соттук реформаларды ишке ашырууда мамлекеттик бийлик бутактарынын шайкеш ишин бузуп, карама-каршылык жараткан чечимдерди кабыл алуудан укуктук системаны коргогон калыстык жана тең салмактуулук системасын түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо проблемасын чечүү керек. Бул проблема региондорду экономикалык жана социалдык өнүктүрүүдө кыйынчылыктарды жаратып, айрым саясатчыларга саясый упай топтоого шарт түзүүдө.

Проблемалардын дээрлик бир бөлүгү элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашырууга, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана аны колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө, ар бир кыргызстандыкка улутуна карабастан толук укуктуу жаран болууга байланышкан.

Бузуку күчтөрдүн мамлекеттин укуктук системанын кемчиликтерин, жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданият деңгээлинин төмөндүгүн пайдаланышы кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өзгөчө коркунуч жаратат. Коомдогу жана мамлекеттик институттардагы укуктук нигилизм жана жазаланбай калса болот деген түшүнүк экономикага терс таасир тийгизип,  социалдык инфраструктуранын талкаланышына, жер, экология жана башка тармактардагы мыйзамдардын бузулушуна, бирөөнүн менчигин ээлеп алууга жана талкалоого алып келүүдө. Айрым учурларда мындай мыйзамсыз аракеттер бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн жолдорду тосууга, укук коргоо жана сот органдарына кысым жасоого, жүз миңдеген карапайым жарандарыбыздын укуктарынын бузулушуна, охлократия же “сүрмө топтун бийлигинин” күч алышына алып келүүдө. Натыйжада өлкөбүздөгү туруктуулукту жана тартипти сактоо үчүн көп күч жана ресурс жумшоого муктажбыз.

Бузуку күчтөрдүн саясатта келечеги жок болгону менен, алар Кыргызстанды өнүктүрүүгө жолтоо болоору бышык. Себеби алардын колунда материалдык ресурстар бар жана жеке пайдасын көздөп, алар элибиздин тагдырына балта чабууга даяр.

Мамлекеттүүлүктү жана элибиздин биримдигин бекемдөөгө, мамлекетти жана өлкөдөгү саясий уюмдарды башкарууга жаңы адамдарды, айрыкча жаштарды тартуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоого мезгил келип жетти. Тагдыр чечүүчү мезгилде мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн жеке жоопкерчиликти күчөтүү, бардык күч-аракеттерди Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына баш ийдирүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын негизги милдети болууга тийиш.

Элибизде биримдик жана ынтымак болсо – бардыгы колдон келет. Ар бир саясатчы жана ар бир жаран Мекеним үчүн эмне иш кылдым жана Кыргызстанды өнүктүрүүгө кандай жардам бере алам деп өзүнөн сурашы керек. Кыргызстандыктардын активдүү жарандык позициясы гана кыйынчылыктарга жана сыноолорго туруштук берип, эгемендүү, күчтүү, жаңы Кыргызстанды курууга шарт түзөт.

Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин арттыруу үчүн, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган коомдун бардык жаратман күчтөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү максатында токтом кылам: 

1. 2014-жыл Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин жана алардын жетекчилеринин мамлекеттүүлүктү бекемдөө боюнча ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү болуп 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу жыйынтыктары эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөргө багытталган мыйзам долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетүү сунуш кылынсын:

1) мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдөө, мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, мыйзамдуулукту камсыз кылуу;

2) бүткүл вертикаль боюнча натыйжалуу мамлекеттик башкарууну калыптандыруу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын оптималдуу айкалышуусуна жана тең салмактуулугуна жетишүү;

3) башкаруу системасына жаңы муундагы жогорку квалификациялуу кадрлардын келиши үчүн шарттарды түзүү;

4) региондор аралык, этностор аралык жана диний чөйрөлөрдөгү мамлекет үчүн бүлүндүрүүчү тенденцияларды жоюу, саясий экстремизмге жол бербөө боюнча алдын алуучу иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

1) Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин практикалык ишин төмөнкү милдеттерди ишке ашырууга багыттоону камсыз кылуу:

– жарандардын мамлекетке, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин арттыруу;

– мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын арттыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу;

– элдин биримдигин чыңдоо, регионализм жана улутчулдук фактыларын болтурбоо, жарандык патриоттуулукка тарбиялоо, жарандардын укуктук маданиятын, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу, Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун институттарын жана жарандарды активдүү тартуу жана алардын тилектештигин камсыз кылуу;

2) жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу жана тиешелүү практикалык иш-чараларды бекитүү менен Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттерин бир айлык мөөнөттө түзүү;

3) мамлекеттүүлүктү бекемдөө, анын символдорунун, натыйжалуу жана ак ниет башкаруунун принциптерин, региондорду экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү проблемаларын ийгиликтүү чечүүнүн идеяларын даңазалоо боюнча иш-чараларды кароо;

4) Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүүгө зор салым кошкон уюмдарды, мекемелерди, юридикалык жана жеке жактарды, анын ичинде тиешелүү конкурстарды өткөрүү жана жарандык коомдун өкүлдөрү ишке ашыруучу долбоорлорду каржылоого көмөк көрсөтүү жолу менен сыйлоонун мүмкүндүгүн табуу;

5) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, башка жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүүнү камсыз кылуу.

5. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенип мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин, өлкөдө мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелеринде алардын күч-аракетин бириктирүү жана жоопкерчилигин жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу сунушталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына ушул Жарлыктан келип чыгуучу милдеттерди ишке ашыруу жөнүндө жалпыланган маалыматты
2014-жылдын июлунда жана 2015-жылдын январында берсин.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет”.

2014-жыл 30-январь