Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Фирмалык аталыштар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Мыйзамдын айрым ченемдерин тактоо, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Мыйзамы менен «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Мыйзамдын ортосундагы карама каршылыктарды жоюу, ошондой эле «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Мыйзамдын колдонуудагы редакциясында мамлекеттик жана расмий тилдериндеги болгон карама каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 29-январь