Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам аз камсыздалган калк катмарына социалдык жардамдын  даректүүлүгүнүн арттыруу  максатында иштелип чыккан.

Мыйзамда 18 жашка толо элек  жаш балдары бар аз камсыздалган үй-бүлөлөргө  ай сайын төлөнчү жөлөкпул дайындоо ченеми каралган. Бул ченем Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирилет.

Ошондой эле, Мыйзам менен камсыздандыруу чегерүүлөрүн  төлөгөн пенсионерлерге карата ай сайын социалдык жөлөкпулду дайындоодо социалдык адилеттүүлүк принцибин бузган ченемдер алынып салынды.

Андан сырткары, ВИЧ-инфекциясы бар балдардын жана СПИД менен ооругандардын жөлөкпулдарга жетүүнү камсыз кылууну аныктаган айрым ченемдер киргизилди. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 29-январь