Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

2014-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жайыттарды пайдалануудагы мыйзам  бузуулар үчүн  административдик таасир этүү чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Мыйзам жарандарга жана кызмат адамдарга карата табигый жана маданий жайыт жерлерди бузганда жана жайыттарды, чабындыларды колдонуу боюнча белгилеген тартипти  бузганда колдонулуучу административдик айыптын көбөйтүлүшүн,  ошондой эле аталган мыйзам бузуулар үчүн административдик иштердин ведомстволук караштуулугун өзгөртүүнү аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 28-январь