Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Буйрукта 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген максаттарга жетишүүнүн маанилүү шарты болуп диний маданиятты өнүктүрүү эсептелет, анын ажырагыс бир бөлүгү болуп диний агартуу саналаары белгиленет.

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун  жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында түзүлдү.

2014-жыл 27-январь