Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Бүгүн, 2014-жылдын 27-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты гумандуулуктун жана ырайымдуулуктун принциптерин көрсөтүү,  жалпы кабыл алынган адам укуктарын жана эркиндигин урматтоо менен Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу  бир катар жарандарды жазык жоопкерчилигинен бошотуу.

Ошентип, Мыйзамдын 1-беренесинде жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөрдү бошотуу каралат:

а) биринчи жолу беш жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жете электер;

б) 60 жаштан улгайган эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;

в) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган, же алардын багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар адамдар;

г) үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар, ошондой эле кош бойлуу аялдар;

д) I жана II топтогу майыптар;

е) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан ашык эмести түзгөн адамдар;

ж) анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

Ошондой эле, кабыл алынган Мыйзамга ылайык, эгерде Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде жаза өтөгөн жерге, камакта кармоо жана аскер кызматын өтөгөн жерлерге өз ыктыяры менен келгендер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүндө (“Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу”), 337-статьясы (“Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу”), 359-статьясы (“Бөлүктү же кызмат ордун өз билип таштап кетүү”), 360-статьясынын 1-бөлүгү (“Аскерден качуу”) менен каралган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.

 Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 27-январь