Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты өз укуктарын жамааттык негизде камсыз кылуу үчүн автордук жана чектеш укуктардын ээлери түзгөн уюмдар тарабынан башкарылган укуктарды аныктоо.

Ошентип, Мыйзамдын 1-статьясынын 5-бөлүгү менен  Мыйзамдын 44-статьясы уюмдар жамааттык негизде башкарчу укуктардын тизмеси менен толукталат,  алар:

- жарыяланган музыкалык чыгармаларды жалпы эл алдында аткаруу  боюнча өзгөчө укуктарды башкаруу;

- сүрөт искусствосунун чыгармаларына  карата жолун жолдоо укугун башкаруу;

- композиторлордун,  авторлордун, аткаруучулардын  фонограмманы жана аудиовизуалдык чыгармаларды даярдоочулардын жана чыгаруучулардын сыйакы  алууга укуктарын жүзөгө ашыруу.

Мыйзамдын 1-статьясынын 6-бөлүгү менен 47-статьяга түзөтүүлөр киргизилип, ага ылайык аталган уюмдар түзүлгөнгө чейин Кыргызпатент алардын иш милдеттерин жана   милдеттерин аткарат.

Ошондой эле Мыйзам мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин редакциясындагы шайкеш келбеген  жагдайларды жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 24-январь