Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик сырлардын сакталышынын натыйжалуулугун арттырууга багытталган. Тактап айтканда мамлекеттик сырларга жол берүү тартибин тактаган толуктоо киргизилет. Ошентип, жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын жашырындуулугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырлар менен иштөөгө жол берилүүчү төмөнкү үч формасы белгиленет: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтар.

Ошондой эле мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө жол берилген жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:

- иштөөгө уруксат берилген маалыматтардын жашыруундуулук даражасына ылайык кызмат маянасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;

- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана (же) штаттык иш-чараларды өткөргөндө режимдик-жашыруун бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн жумуш орундарында калууга артыкчылыктуу укук.

Андан сырткары, Мыйзам менен көрсөтүлгөн категориядагы кызматкерлерди дайындоо жана кызматынан бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөөрү Мыйзам менен белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 24-январь