Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2014-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексине түзөтүүлөр салык төлөөчүлөр үчүн алардын салык милдеттенмелерин аткарууга шарт түзүү жана салыктарды администрациялоону жакшыртуу  максатында киргизилген.

Мыйзам 1-беренин 9, 11, 12, 15 жана 16-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын 1-беренесинин 9, 11 жана 12-пункттары 2014-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын 1-беренесинин 15 жана 16-пункттары расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 20-январь