Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

2014-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын жогорку кызматтарынын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүнформасы жана сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;

4) Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык  рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүнформасы жана сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы бул Жарлыктын 1-пунктунда бекитилген күбөлүктөрдү даярдоо менен байланышкан маселелерди чечсин.

Жарлыктын 1-пунктунда бекитилген күбөлүктөрдү эсепке алуу, каттоо жана берүү милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы № 360 «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын берүү жөнүндө күбөлүктөрдүн сыпатталышын жана үлгүлөрүн бекитүү тууралуу» Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жөнүндө»  Жарлыгы.

 Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобо >>>.

Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын жогорку кызматтарынын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын тизмеси >>>.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүнформасы жана сыпаттамасы >>>.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык  рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүнформасы жана сыпаттамасы >>>.

2014-жыл 18-январь