Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

2014-жылдын 16-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында  кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу жана мыйзам актыларын шайкеш келтирүү максатында киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 17-январь