Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Орозбек Молдалиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды

Бүгүн, 2014-жылдын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Молдалиев Орозбек Абдысаламович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. 

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун кызматынан бошотулду.

2014-жыл 17-январь