Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты  сотко чейинки өндүрүштүн альтернативалык процесстик формасын - сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн институтун киргизүү жолу менен  жазык-процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик  кодексине тиешелүү толуктоолор киргизилген.

Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 15-январь