Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Бүгүн, 2014-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты «Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамды «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын, «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарынын жоболоруна шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 15-январь