Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

2014-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү жана «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-январь