Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

2014-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастардын объекттерин коргоо жана пайдалануу мыйзамдарын өркүндөтүү болуп саналат. «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилет.

Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-январь