Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдарга киргизилип, төмөнкүлөрдү аныктайт:

- аскердик наамдарда, атайын класстын чендерде жана атайын наамдарда болуу мөөнөттөрүн бирдейлештирип, аскер кызматчылары, прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын, салык кызматы жана бажы органдарынын кызматкерлери үчүн бирдиктүү мөөнөттөрдү аныктайт;

- Башкы прокурор, Салык кызматынын төрагасы, Бажы кызматынын төрагасы, Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын төрагасы, ички иштер министри, ошондой эле саясий же жогорку администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлегендерге кезектеги жогорку атайын класстык чендерди, жогорку атайын наамдарды ыйгаруу үчүн кызмат өтөө мөөнөттөрү каралат.

Белгилей кетсек, мурда бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынып, 2013-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен макулдашылган варианты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарылган.

Кабыл алынган Мыйзамдын макулдашылган вариантында Кыргыз Республикасынын Президентинин жүйөлөрү жана каршы пикирлери эске алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 14-январь