Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө теплица чарбалары жана теплицалар үчүн жабдууларды  жеткиликтүү баада сатып алууга өбөлгө түзгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген толуктоого ылайык, финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттолгон теплицалар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулат.

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 21-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдын тексти >>>.

2014-жыл 9-январь